Бүгүн, 30-май саат 20:00гө карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. АКШ - 102 миң 856
2. Улуу Британия - 38 миң 243
3. Италия - 33 миң 229
4. Франция - 28 миң 717
5. Бразилия - 27 миң 878
6. Испания - 27 миң 121
7. Бельгия - 9 миң 453
8. Мексика - 9 миң 415
9. Германия - 8 миң 527
10. Иран - 7 миң 734
Дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондордун жалпы саны - 365 593 киши. 9-мартта бул көрсөткүч 3 миң 825, 17-мартта 7 миң 155, 27-мартта 24 миң 77, 10-апрелде 95 миң 731, 30-апрелде 227 миң 638 киши адам эле. Бул цифралар соңку 1 айды алып караганда дээрлик 138 миң адамга көп.
9-мартта да, 17-мартта да алдыңкы үчтүктө Кытай, Италия, Иран болчу. 27-мартка дейре абал чукул өзгөрүп, 1-орунга Италия, 2-орунга үчтүктө жок болгон Испания чыгып, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 3-орунду ээлеген. 10-апрелде 1-орунда Италия калып, 2-орунга үчтүктө жок болгон АКШ чыгып, 3-орунга Испания түшүп, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 7-орунду ээлеген. 30-апрелде Кытай ондуктан сүрүлүп чыгып, 1-2-3-орундарга АКШ, Италия, Улуу Британия чыккан.
1 айдан кийин жогорудагы көрсөткүчтөн көрүнүп тургандай, алдыңкы үчтүктө Италия менен Улуу Британия орун алмашпаса, өзгөрүү жок. Кызыктуусу коронавирус дүйнөнүн чыгышынан башталып, коңшу өлкөлөргө жайылганы менен учурда бул илдеттен эң көп батыш тараптагы мамлекеттер жабыркап жатат. Эмне үчүн Кытай, Түштүк Корея, Япония жана башка Азиядагы өлкөлөр эмес, Европа, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан мамлекеттерде оорудан каза болгондор көп болуп жатат? Бул саламаттыкты сактоо системиндеги өзгөчөлүкпү, бийликтин реакциясына жарашабы же анда жашаган тургундардын менталитетиби, балким, себеп генде эмеспи? Азыркы тапта окумуштуулар да буга байланыштуу баш катырып жаткан кези...
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.