Түштүк Кореяда акыркы суткада коронавируска 161 жергиликтүү жашоочулар кабылышкан. Өлкө боюнча жалпы 763 адам кабылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Дүйнөнүн ар тарабына жайылып жаткан коркунучтуу вирустун кесепетинен Түштүк Кореяда 7 адам каза болгон. Азыркы учурда бул аймак коронавирустун үчүнчү очогуна айланып олтурат. Мындан улам күн санап жайылып жаткан вирустан жабыркагандардын саны Түштүк Кореяда 763 адамды түздү. Алардын ичинен 142 адам Тэгу шаарында катталган.
Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда.
Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тартып, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.