Социалдык тармактарда Өзбекстанда базарда дезинфекция каражаттары унаа, азык-түлүк жана адамдарга дагы чачылып жаткан видео тараган. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган жайда коронавирус илдетинин очогу болгондугун билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Кырдаал толук көзөмөлдө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын биринчиси Андижан облусунун Мархамат районунда жана экинчиси Сурхандарьинс облусунун Денау районунда болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган аймакта коронавирустун очогу болгондуктан дезинфекция каражаттары эч нерсеге карабай чачканга туура келген", - деп жазылган маалыматта.