Бишкек мэриясында акча көппү?
Көчө жарыктары күндүз да күйүп турат
Мэрия минтип күндүз чырак жакты
Мэрия минтип күндүз чырак жакты
"Казына бош, электр жарыгын үнөмдөйлү" деп кеңеш берүү жагынан Бишкек мэриясы кыйын. Бирок бүгүнкү жоругуна не дешти белбейсиң, чак түштө шаардын бир катар көчөлөрүндө электр лампалары жаркырап күйүп турду. Бул сүрөттөр Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен тартылды. Күндүз эмес, түнкүсүн борбордук көчөлөр жарыксыз калчу эле, бул жолу эмне болду экен деп сурап жооп ала албадык. Адаттагыдай, "ордунда жок эле... анан чалыңыз..." деп кутулушту. Көп өтпөй күйүп турган лампалар жалп өчтү...