Жалал-Абад. Шаардагы унаа кыймылын жөнгө салуу үчүн рейд жүрүүдө
Жалал-Абад шаардык жол-кайгуул кызматы шаардагы унаалардын кыймылын жөнгө салуу үчүн рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу 5-сентябрда аталган мекемеден кабарлашты."Тойдогу кортеждер баш аламандык жаратышууда. Андан сырткары уруксат берилбеген ар түрдүү сигналдарды автоунааларына коюп алышкан. Алар да текшерилүүдө",- дейт аталган кызматтын инспектору Бакыт Жумуков.