Жазында жүздөгөн кой ууланып өлгөн аймак тосулууда. Бул аймак Сузак районундагы Ат-Чабар айылына караштуу химиялык уулуу заттар төгүлгөн жер, май айында бир чабан кайтарып жүргөн жүздөн ашык кой аймактан уулуу чөп жеп кырылган эле. "Көптөн бери бул жерди тосууга акча таппай келгенбиз. Акыры экологияны коргоо боюнча иш алып барган фонддордун бири 50 миң доллар бөлүп берди. Уулуу аймактын үстү жабылып, айланасы тосулду",- дейт район акими Нурболот Мирзахмедов. Маалыматка таянсак, Ат-Чабар аймагына 1973-1978-жылдары уулуу заттардын 1 тонна 800 килограммдай калдыгы көмүлүптүр.