Бүгүн, 31-май күнү Кыргыз-Өзбек чек арасында кыргыз эли менен тажик элинин ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымдалган. Кагылышуу болуп жаткан Чечме айылынын тургуну Тилек мырза SUPER.KG порталына абал курч болуп жатканын билдирди.
"Бул жакта абал курч. Кыргыздар да, тажиктер да бири-бирине моюн сунбай таш ыргытып жатышат. Чогулган адамдардын эсеби көп. Чыр булак талашуудан келип чыкты.
Кагылышуудан милиция кызматкерлери, жашоочулар жаракат алышты. Кошуна айылдан да кыргыз жигиттери келип жатышат", - деп билдирди тургун.
Чек ара кызматынан жогорудагы окуя боюнча расмий маалымат берише элек.
Буга чейин өкмөттөн Кыргыз-Өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95 пайызы өз ара макулдашылганы маалымдалган эле.