Бүгүн, 31-май күнү Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме айылында кыргыз-тажик элинин арасында чыр чыкты. Муну SUPER.KG порталына Айдаркен шаарынын тургуну Абдурасул Абдырахманов билдирди.
"Эртең менен Чечме айылына куран окутканга барган элек. Анда тынч болчу. Негизи Чечме айылы Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын. Ага кошуна Сох айылында (ред. Кыргыз өлкөсүндө Сох анклавы бар, ал Өзбекстандын аймагы болуп саналат) жалаң тажиктер жашайт.
Чыр Чечме айылындагы булакты талашуудан чыкты деп жатышат. Мен 59 жашка келип калдым, эс тарткандан бери ал булак Кыргыз жерине карайт деп билем. 1-2 жыл мурун тажик тарап чек ара менен тосуп, өздөрү жакка өткөрүп алышкан.
Азыр ошол булактын айынан урушууда. Негизи тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы бири-бирине таш ыргытышып, ызы-чуу болуп жатышат. Азыр эл көп, 100дөн ашат, дагы чогулуп жатат дешүүдө жашоочулар. Милиция кызматкерлери, акимчиликтен, аскер кызматкерлери келишиптир", - дейт Абдырахманов.
Чек ара кызматынан жогорудагы окуя боюнча расмий маалымат берише элек.
Буга чейин өкмөттөн Кыргыз-Өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95 пайызы өз ара макулдашылганы маалымдалган эле.