Бүгүн, 31-май күнү Кыргыз-Өзбек чек арасында кыргыз-тажик элинин ортосунда чыккан чыр дагы деле токтой элек. Окуя тууралуу Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Абдыманап Жакбаров SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.
"Акимдердин баары бул жакта. Абал орто. Адамдын канча экендигин эсептеп болбойт. Бир-экөө таш тийип жаракат алышты. Чек ара кызматында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Толугураак маалыматты кечирээк беребиз", - деп билдирди Жакбаров.