Биз социалдык тармакта

Өрт чыгып, төрт саат таш ыргытуу токтобой... Чек арада мал сарай өрттөндү

Бүгүн, 31-май күнү Кыргыз-Өзбек чек арасында кыргыз эли менен тажик элинин ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымдалган. Баткен облусундагы журналист Арзыгүл Галымбетова бүгүнкү чырдан видеолорду баракчасына жүктөп, тиешелүү кызмат ээлерин маселени чечүүгө чакырган билдирүү калтырган.

Видеонун биринде мал сарайдын күйүп жатканы көрүнөт. Андагылардын бири "Талаа бети келиңиздер" деп кыйкырган. Кийинки видеодо дарбаза артында турган адамдар, каршы тараптан таштардын ыргытылып жатканы көрүнөт. Андагылардын айтканына караганда таш атышуу төрт сааттан бери токтогон эмес.

"Окуя бүгүн, 31-майда Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Чечме айылында болду. Анда эл булакты тазалоо үчүн барышканда каршылык болуп, ортодо чыр чыккан. Жаңжалдан улам бир мал сарайга өрт коюлган. Азырынча абал тынчыды деп айта албайбыз. Чек арага жакын жашаган ар бир адамдын өмүрү тобокелде болуп калды, ошого карабастан бардыгы чек арачылардын милдетин кошо тартып келе жатат. Өз элибизде эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөбү?", - дейт журналист Галымбетова.

Буга чейин Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Чечме айылында кыргыз-тажик элинин арасында чыр чыгып, жаракат алгандар тууралуу жазылган. Андан кийин чырды жөнгө салуу иштери жүрүп жатканын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Чек арада кайрдан үй өрттөндү
Төрт сааттан бери таш токтобой жатат. Чек арада кайрадан чыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alishsapan
2020-05-31 18:45:07
Апрель баатыры дешип орден алган жана бергендер көрүп билип алгыла.Мекеним ата журтум деп жерибизди коргогондорду баатыр дейт жана чек араны кайтарып жүрүп кече жакында октон жаракат алган үч жоокерди баатыр дейт
+9
pero5184
2020-06-01 09:12:34
Эмне эле тынышбайт талашып бүтүшбөдү го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан