Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы кызматкери Елена Баялинова: "Кара тумоонун айынан иштен кеттим, артка кайтпайм"

“Мен чындыктан коркпойм, ким менен болсо да бетме-бет сүйлөшүүгө даярмын”,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова. Мындай пикирин ал бүгүн, 5-сентябрда бизге билдирди. Айтымында, ал кайра кызматка барууга кызыкдар эмес. “Эми артка жол жок. Мени менен сүйлөшүүгө, ортодогу келишпестикти жоюуга аракет кылгандар убара болушат”,- деди ал.  

Эскерте кетсек, буга чейин Баялинова "Ысык-Көлдө катталган кара тумоо боюнча коомчулукка ашыкча маалымат бердиң" деп өкмөттөн аны кысымга алып жатканын айткан эле. 4-сентябрда кызматтан кетүүгө арыз жазганын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан