Ташполот Балтабаев: "УКМК парламентти көзгө илбей калды"

“Салык төлөбөй жатат деп Муфтиятты муунтуу туура эмес”,- деди бүгүн, 6-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев. Айтымында, УКМК мамлекеттик деңгээлде иштей турган орган.

УКМК Салык кызматынын деңгээлине түшүп алды. Алдына коюлган мамлекеттик тапшырмалардан аткарбай, майда нерселерге аралашып жатканы туура эмес. Мамлекеттин коопсуздугун карагандын ордуна салыктын артынан чуркап, муфтийди үйүнөн кармап кеткениңер туура эмес. Эмнеге “Кумтөрдүн” түшпөй калган миллиарддаган салыктарын кайтарбайсыңар? “Кумтөрдүн” айынан  баш аламандык уюштурулуп жатат, эмне үчүн аны терең изилдебейсиңер? Момун мусулмандарды эмнеге кордойсуңар”,- деди эл өкүлу.  

 

Ошондой эле Балтабаев парламентти УКМК көзгө илбей калганын айтты. “Муфтийликке өзүнүн адамын дайындай албай калгандар ар кандай иштерди жасап жатат. Бардык нерсенин чеги болот. Атайын кызматтар үчүн мыйзам кабыл алышыбыз керек. Силер каалагандай элди тебелеп камай беребиз деген оюңар барбы? Мыйзам бузган УКМКнын кызматкерлерине прокуратура атайын чара көрүшү керек. Муфтиятты колдобой турган болсок, мамлекетти талкалай турган башка агрессивдүү секталар чабуулга өтөт”,- деди депутат.

 

Белгилей кетсек, "салык төлөөдө мыйзам бузган" деп мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов жана муфтияттын айрым кызматкерлери күнөөлөнүп, муфтияттын банктык эсебиндеги каражатты колдонууга УКМК убактылуу тыюу салган. Ошол себептен быйылкы ажылык сапар үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген сөздөр айтылууда. ЖКнын 5-сентябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков ажылык сапар үзгүлтүккө учурабай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан