Жалал-Абад. Аймактык коопсуздукту талкуулаган жыйын болду

Жалал-Абад шаарында 5-сентябрь күнү аймактык коопсуздук маселеси талкууланган координациялык кеңешме болду. Кеңешмени облус башчы Жусупали Торомаматов ачып, ага облустук прокурор Кылычбек Токтогулов, ОИИБинин башчысынын орун басары Мелис Шералиев, УКМКнын облустагы башчысы Канжарбек Бокоев, Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов, шаар мэри Муктар Арапбаев жана башкалар катышты. Торомаматов облуста коомдук саясий кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, өлкөнүн аймагында диний ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынган экстремисттик, сепаратисттик мүнөздөгү топтордун иш-аракеттерине бөгөт коюу зарылдыгын айтты. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан