Ажылык сапардан пайда табуу чоң күнөө экендигин бүгүн, 6-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Эркин Алымбеков билдирди. “Буга чейинки мамлекеттик саясат президенттен баштап үй-бүлөсү пайда тапкан механизмдерди түзүп күнөөгө баткан үчүн элинен куулуп кетти. Азыр мусулмандарга аз чыгым келе тургандай, акчасы ашып калса аны кайра өзүнө кайтарып бергидей механизмдер иштеши керек. Кайра кайтарылган акчаны жардам катары бир жакка жолдосо, такыр салык салуу болбош керек. Ажы башчысынын соттолгон соттолбогонун кайсы мыйзамдын негизинде карап жатасыңар. Соттолгон болсо да кандайдыр деңгээлде күнөөсү болсо андан кичине арылайын деп жатса керек да. Мамлекет дин иштерине кийлигишпей, ыймандуулуктун үлгүсү болгон мүмкүнчүлүктү түзүп берсек, мамлекет менен эриш-аркак болуп көптөгөн сооп иштерди кылсак болот да”,- деди эл өкүлү.