Акыйкатчылыкка талапкер Акин Токталиев депутаттар анын программасын окубагандыгына нааразы

Бүгүн, 6-сентбярда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында акыйкатчылыкка талапкер Акин Токталиев депутаттар анын программасын окубагандыгына нааразычылыгын билдирди. “Өмүрбек Чиркешович, сиз программаларыңарды берип, өзүңөрдү кенен тааныштыргыла деп жатасыз. Мурунку акыйкатчыны шайлоо учурунда мен талапкерлигимди коюп, программамды жазып келген элем. Аны бир дагы эл өкүлү окубаптыр. Депутат Дамира Ниязалиева “Байке, мунун кереги жок, Акунду бекитебиз” деген. Ал эми Ирина Карамушкинага кирсем, ал “Программаң негизи жакшы экен, бирок айрым жерлерин оңдоо зарыл” деген. Программамды алайын десем, мен берген боюнча баштыкка салынып, чапталган бойдон экен. Өзүнө айтсам кызарып жаман болуп кетти. Ошондуктан бардык депутаттар программа менен буга чейин эмне кылып жүргөнүбүз менен таанышып чыгышса жакшы болмок”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан