Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 225 адамдан аныкталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирустан каза болгон адамдардын бири Нур-Султан шаарында катталган. Ал 1959-жылы туулган эркек киши, экинчиси Шымкент шаарында 1956-жылы туулган эркек адам жана үчүнчүсү Павлодар облусунда 1939-жылы туулган аял киши болгон.
Бул көрсөткүч менен Казакстанда коронавирус инфекциясы жалпы 11 миң 796 адамдан аныкталды. 44 адам каза болсо, 5 миң 841 бейтап айыгып чыкты.