Жалал-Абад. Ноокендеги автокырсыктан МАИ кызматкери көз жумду
Жалал-Абаддын Ноокен районунда болгон автокырсыктан 1 МАИ кызматкери көз жумду. Муну бүгүн, 6-сентябрда ОИИБиден билдиришти. Жол-кайгуул кызматкери оор жүк ташуучу MAN унаасы менен сүзүшкөн Мицубиси унаасынын ичинде болгон. "Мицубиси автоунаасынын айдоочусу жаш бала экен. Азыр көпчүлүк жаштар айдоочулук күбөлүктү сатып алышат, анан минтип бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылууда",- дейт ОИИБинин басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев. Айта кетсек, 5-сентябрда Ош-Бишкек жолунун Ноокен аймагындагы бөлүгүндө жол кырсыгы болуп, 5 адам көз жумган эле.