Барпы акындын “Мөлмөлүм” ырына экинчи өмүр берип, бүткүл кыргызга тааныткан, кандай ыр ырдабасын ийине жеткире аткарган ырчы Малик Аликеевдин күйөрмандары анын ден соолугуна кабатырланышууда. Анткени жакында ырчынын ооруп төшөктө жатып калганы белгилүү болду. Учурда Таластын Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан ырчыга байланышып, абалын сурап, маектештик. “Эшикке чыгып жумуш кылбасам, сахнага чыгып комуз кармап ырдай албасам, кимге керегим бар деп ойлоно берчү болдум. Жалгыз болуп калат экенсиң”, - дейт ырчы.
Малик Аликеевдин маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.