Биз социалдык тармакта

Нарында сел каптаган үйлөрдүн короолорун кум, шагылдан тазалоо иштери жүрүп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 3-июнда саат 16:00гө карата Нарын шаарында​ жаап өткөн жамгырдын кесепетинен​ турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптаганы маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саат 23:00гө берген маалыматына ылайык, коктудан келген суулар Чоң-Нарын каналынан ашып, сел суулары турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана унаа жолдорго зыян келтирген. Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жерине жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана "Таза-Нарын" ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, "Суу канал" ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 4 грейдер, 5 экскаватор, 1 ХОВО тартылган.

Учурда 15 турак үйдүн короо-жайын кум, шагылдан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан