Бүгүн, 3-июнда саат 16:00гө карата Нарын шаарында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптады. Окуя болгон жерге ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар иштеп жатышат.
Азырынча селдин кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.
Аба ырайы боюнча саат 18:00гө карата Нарын облусунун Нарын шаарында, Ат-Башы, Нарын райондорунда жамгыр жаап жатат. Ал эми Ысык-Көл облусунда күн бүркөк, Ош шаарында, Баткен, Ош облустарында күн ала булут, ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык.