“2010-жылы мародёрчулукка катыштыгы бар” деп күнөөлөнүп кармалганда Арсен Сарбагышев "ар-намысчы" депутат Эсенгул Исаковдун жардамчысы эмес болчу. Муну бүгүн, 6-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында депутат Феликс Кулов айтты. Куловдун айтымында, басылмалардын бирине “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү Арсен Сарбагышевдин талап-тоноочулукка катыштыгы бар экендиги тууралуу жазылган макала жарык көрдү. Макалада айыпталуучу Сарбагышев учурда СИЗОдо экендиги айтылат.
“Ал 2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында Акылбек Жапаровдун сунушу менен партияга мүчө болуп кирген. Акылбек Жапаров анын тизмеде алдыда болуусун каалаганы менен 120-орунга жазылган. Шайлоодон кийин ал кызмат берүүнү суранып мага кирди. Ошондой эле эмне үчүн 120-орунда экенин сурап, депутатка коомдук жардамчы кылуумду өтүндү. Мен депутаттар менен сүйлөшүү керектигин айткам. Анан депутат Эсенгул Исаковдун коомдук жардамчысы болуп, күбөлүк берилди”,- деди Кулов.