Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акимин шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын маалыматына караганда, шайлоо Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинин биргелешкен жыйынынын депутаттары тарабынан өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 13 айылдык кеңеш, 223 депутат бар. Бүгүнкү шайлоого 191 депутат катышууда. Акимдик кызматка 5 талапкер көрсөтүлүп, аларды өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев тааныштырды. "Бардык талапкерлер квалификациялык талаптарга жооп берет жана жетекчилик кызматтарда тажрыйбалары бар. Азыркы тапта жабык формада добуш берүү жүрүп жатат, абал туруктуу",- деп айтылат маалыматта. Эске салсак, аталган райондун акимин шайлоо экинчи жолу өтүүдө, биринчи жолку шайлоодо 2 талапкер 2-турга өтүп, бирок алар тийиштүү добушту ала алышкан эмес.