Облус боюнча 12,6 чакырым жолду асфальттоо керек болсо, учурда анын 6 чакырымы бүткөрүлдү. Бул тууралуу облустук Өндүрүштүк тилкелик автожолдор башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, асфальт жолду бүткөрүү менен катар бул жылга пландалган 20 чакырым жолдун 15 чакырымына шагыл төгүлүп, тегизделди. Ошондой эле 16 000 чарчы метр жолдун чуңкурлары толтурулду. Белгилей кетсек, облустун жолдорун оңдоп-түздөөгө республикалык бюджеттен 187 миллион сом бөлүнгөн. "Анын 11 миллион сом каражаты мурдагы жылдардагы карыздарга кетип, калган 29 миллион өлчөмү иштелип жатат",- дейт К.Күчүков.