7-сентябрда Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” аталышындагы акция өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аянтта саат 10:00дө башталат. Акция ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында болмокчу. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 400 өспүрүм катышып, аларга белектер тапшырылат. Бул иш-чараны Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурууда. Белгилей кетсек, учурда шаардык социалдык өнүктүрүү органдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12,5 миң адам каттоодо турат.