Жалал-Абад. Ноокенде 200 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылат

Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Арал айылында 7-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен жаңы мектептин ачылышы болот. Муну бүгүн, 6-сентябрда Арал айылынын башчысы Мойдун Орозбеков билдирди. Айтымында, мектептин куруу иши 4 жыл мурда башталыптыр. Ага жалпы 38 миллион сом сарпталып, мамлекет тарабынан каржыланганы айтылды. "Мектепке спорт зал да курулууда. Мекеме 200 окуучуга ылайыкталган",- дейт Орозбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан