1-7-сентябрь аралыгында Польшанын Гдыня шаарында өтүп жаткан кол күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңишти. 70 килограммга чейинки салмакта "Чеберлер" бөлүгүндө Ольга Ярославцева 2 медаль утуп алды. Оң кол менен күрөшүүдө күмүш жана сол кол менен күрөшүүдө коло медаль тагынды спортчу. Кыргызстандык дагы бир спортчу Александр Ли ушул эле бөлүктө 90 килограммга чейинки салмакта сол кол менен күрөшүүдө коло тагынып, оң кол менен күрөшүүдө 4-орунду ээледи. Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугу 35-ирет өтүп, ага 44 өлкөдөн миңден ашык спортчу катышууда.