Москва шаарында бир сутка ичинде 55 бейтап каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, бир сутка ичинде Москвада 55 бейтап коронавирустун кесепетинен каза болду. Муну менен аталган шаарда вирустан каза болгондордун саны 2 миң 919га жетти. Ал эми оорудан сакайгандардын саны 102 миң 714. Москва шаарында COVID-19 пандемиясынан 195 миң адам жабыр тартууда.
Орусияда жалпы 458 миң 102 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Арасынан айыгып чыккандар - 220 миң 935, көз жумгандар - 5 миң 717.