Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жетекчилик кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Ал мындай билдирүүнү фракциянын бүгүнкү, 6-сентябрдагы жыйынында жасады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Алтынбек Сулайманов фракциянын лидерлигине 2012-жылдын июль айында шайланган.