Бүгүн, 7-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Гагарин, Купянск, Хоперск, Т.Молдо, Власов, 9-Январь көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Горький, Красноармейский, Токтогул көчөлөрүндө, Москва районуна каршатуу Беш-Терек айылында, Аламүдүн районундагы Степное, Пригородное айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. Бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.