Бишкекте 3476 адамдын тиштери бекер текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында саат 8:00дөн 17:00го чейин шаардык № 2, 3, 4, 5, 6-стоматологиялык мекемелеринде “Бекем тиш” акциясын өткөрдү. Акция Бишкек шаарынын күнүн белгилөө иш-чараларынын алкагында уюштурулган. Бул күнү шаардын дарыгерлери тарабынан 3476 адам кабыл алынган, алардын 1208и жаш балдар. Кабыл алынган адамдардын 70 пайызы ооз көңдөйүн тазалоого муктаж. Акция акысыз өткөрүлүп, шаардык №4-стоматологиялык мекеменин кызматкерлери тарабынан тиш жуугучтар, тиш пасталары, калем саптар белекке таркатылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан