“Республика” парламенттик фракциясы акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлерди толугу менен колдоду. Мындай чечим фракциянын 6-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Бул чечим ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетке жөнөтүлдү. Айта кетсек, акыйкатчы кызматына 54 талапкер арызын берип, кийин Айнура Алтыбаева өз талапкерлигин алып салган.