Бишкекте МАИчилерди тоготпой качып, жол эрежесин бузган Лексус унаасынын айдоочусуна чара көрбөгөн Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине катуу жаза көрүлдү. Аталган кызматтын улук инспектору, милициянын майору Т.Оторов "кызматтык абалын пайдалануу менен, кол алдындагыларга жол эрежелерин бузган айдоочуга чара көрбөө боюнча көрсөтмө берген" деп айыпталып, иштен айдалды. Ал эми жол эрежесин бузган айдоочу Назгүл Чодронованы кармаган прапорщик А.Макеев ички иштер органдарында иштөө укугунан ажыратылды. Ал өз учурунда аталган окуя боюнча документ түзүп, чара көрө албаганы үчүн айыптуу деп табылды. Бул боюнча административдик протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлүү алдында турганын Бишкек ШИИБи кабарлады.
Айта кетсек, 9-июнь күнү аталган айым жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерлеринин токтотууга аракет кылган буйругун тоготпой, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр анын артынан кууп ишине чейин барышкан. Унаадан түшкөн айым "Суранчиевге, Мелис байкеге телефон чалам" деп унаанын номурун чечип алган инспекторду коркутмакчы болгон. Анан бирөөгө телефон чалып, ал эми прапорщик Макеев майор Т.Оторовдун телефон чалуусунан кийин номурду кайтарып бериптир. Бул окуя тартылган видеотасма 6-сентябрда маалымат булактары аркылуу коомчулукка жарыяланды. Өз убагында тийиштүү документ түзүп, чара көрүүгө аракет кылбаган инспекторго да, ага буйрук берген адамга да чара көрүлүшү айтылып жаткан эле.