Өткөн суткада Бишкектин "Тез жардам" кызматына 464 кайрылуу түштү

Өткөн суткада Бишкек шаарынын "Тез жардам" станциясына 464 кайрылуу түшүп, дарыгерлер тобу 361 чакырууга барышты. Аталган станция билдиргендей, 103 адам ооруканага жеткирилди. Ошондой эле сутка ичинде 3 жол кырсыгы болуп, 3 адам жаракат алыптыр. Фрунзе-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан 25 жаштагы айым жаракат алды. Ал эми Чүй-Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 автокырсык болуп, 34 жана 18 жаштагы 2 адам жаракат алганы белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан