Кыргыз-Индия жаңы технологиялар факультетин ачуу үчүн Индия өкмөтү ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен 1 миллион долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Керим Калыгулов билдирди.
Факультет окуу жайдын башкы корпусунун 2–3 кабаттарына жайгашуусу болжолдонууда. Анда заманбап окуу куралдары технологиялар жана лабораториялар болмокчу.