"Бопуш" деп таанылган актёр Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөн Султан Раев Марат Жанталиев аркылуу дүйнөгө манасчы Саякбай Каралаевди тааныта алдык дейт.
"Улуу адамдын образын жөнөкөй адам аткара албайт экен. Андай улуулукту улуу адам жаратат. Марат Жанталиевде биз билбеген өзгөчө дух болгон экен. Биз анын "Саякбай" тасмасындагы ролу менен дүйнөгө манасчыны тааныта алдык", - деди.
"Бопуш" деп элге таанылган актёр Марат Жанталиев 59 жашында бөйрөк оорусунан улам 9-июнда каза болду. Анын өмүр таржымалы, актёрдук ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү тууралуу маалымат менен ушул шилтемеден тааныша аласыз.