5-сентябрь күнү Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кеткен деп шектелген 2 адамдын аты-жөнү такталып, бирөөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн билдиришти. Кылмышка шектелгендердин бири Кара-Булак айылынын тургуну, 1991-жылы туулган Абдисамат уулу Шербото. Ал эми анын шериги Баткен шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Нуралиев Нуржигит изделүүдө. Абдисамат уулу Шербото октон каза тапкан Рахат Эралиеванын бир тууган агасынын уулу болуп чыкты. Ал туугандарынан мурдагы мамилелери үчүн өч алмакчы болуп ушул ишке барыптыр. Бул 5 адамды аткандан сырткары аларга таандык дүкөндү тоношкон.