Бишкек ШИИББи тактоо киргизет: МАИчини тоготпой качкан Лексустун айдоочусун кармап, бирок чара көрбөгөн инспектор иштен айдалган жок

Бишкек ШИИББи Лексус унаасы менен МАИчилерди тоготпой качкан жана жол эрежелерин бузган Назгүл Чодроновага чара көрбөгөн Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине жаза колдонулгандыгы боюнча тараткан маалыматына тактоо киргизди. ШИИБ буга чейин ММКлардын электрондук дарегине жиберген маалыматында техникалык ката кеткенин билдирип, такталып кайра жиберилген маалыматты жарыялоону өтүндү. Ага ылайык, Лексус унаасынын айдоочусу Чодронованы кармап жана унаасынын номурун чечип алып, бирок телефон чалуудан кийин кайра берип койгон милициянын прапорщиги А.Макеевге "Кызматына толук эмес ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү" берилди. Буга чейин анын кызматтан айдалганы айтылган эле. 

 

Айта кетсек, А.Макеев Лексустун номурун чечип алса, ага Жол-кайгуул кызматынын улук инспектору, милициянын майору Т.Оторов телефон чалып номурду берип коюуну буйрук кылган. Ошентип жол эрежесин бузган айдоочуга эч кандай административдик чара көрүлбөй калган. Окуя мындан 2 ай мурун болуп, окуянын жүрүшү тартылган видео 6-сентябрда коомчулукка жарыяланган эле. Бул аракети үчүн Оторов бүгүн кызматтан айдалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан