Биз социалдык тармакта

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров: "Марат Жанталиев тасмадагы акыркы ролум Саякбай болуп калды деп көп айтып калган"

Актёр Марат Жанталиев болбогондо "Саякбай" тасмасы тартылмак эмес. Бул тууралуу кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров маркум менен коштошуу зыйнатында айтты.

"Марат Жанталиев "Саякбай" тасмасы тартылып бүткөндөн кийин "алгачкы тасмадагы ролум Саяк болду, акыркы ролум дагы Саякбай болду" деп көп айтып калды. Ошол сөздү оозуна салып койгон бейм. Марат болбогондо Саякбай тууралуу тасма тартылмак эмес, бул бүгүнкү күндөгү факты.

Тасма тартылып бүткөндөн кийин мен ага сен бул дүйнөгө манасчынын ролун аткарууга келген турбайсыңбы дедим. Менимче, актёр бул жашоодогу вазийпасын аткарды. Өкүнүчтүүсү "Саякбай" тасмасы актёр үчүн акыркы болуп калды.

Мараттын "чыгармачылыгым" жана "үй-бүлөм" деген эки эле дүйнөсү бар болчу. Актёр дагы да жашап, балдарынын, неберелеринин жанында болушу керек эле. Бирок андай болгон жок. Ыйманың саламат болсун, биз сени, сенин эмгегиңди эч качан унутпайбыз", - деп жашыды.

"Бопуш" деп элге таанылган актёр Марат Жанталиев 59 жашында бөйрөк оорусунан улам 9-июнда каза болду. Анын өмүр таржымалы, актёрдук ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү тууралуу маалымат менен ушул шилтемеден тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2020-06-11 12:48:00
Саякбайдан кийин деле коммерциялык коп эле тасмаларга тартылды го
-2
Tyty1990
2020-06-11 13:06:42
Аллахым бейишинен насип кылсын. Олум ар бир башта бар.
+1
Tymar
2020-06-11 14:26:08
Мындай талантуу адамды Жараткан Тенир бир кылымда бир гана жолу жаратат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан