Укук коргоочулар акыйкатчы шайлоону токтотууну Жогорку Кеңешке сунуштоодо

Кыргызстандагы укук коргоочулар парламентке акыйкатчыны шайлоону токтотууну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Эркин Убышев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта акыйкатчы шайлоо боюнча тынчсыздануу жаралууда.

"Акыйкатчыны шайлоо жана кызматтан бошотуу боюнча соттук териштирүүлөр менен Жогорку Кеңештин мыйзам жана регламентинде карама-каршылыктар бар",- дейт Убышев.

Ал кошумчалагандай, жарандык активисттер депутаттар коомдук угууларды өткөрүп, конституциялык мыйзам жана эл аралык принциптерге таянып шайлоону токтотууну сунушташты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан