
Коронавирустун экинчи толкуну башталган Кытайда сутка ичинде 66 жарандан илдет аныкталды. Анын ичинен 9 бейтапта оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканын аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы сутка ичинде аталган илдетти 2 бейтап жеңип чыкса, каза болгондор катталган эмес.
Бүгүнкү күндө Кытайда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 84 миң 286га жетип, анын 79 миң 475и илдеттен айыккан. Каза болгондор 4 миң 638. Калгандары стационарларда калууда.