
Сузакта күйөөсү аялына
жаза берген окуяга байланыштуу вице-премьер-министр
Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн, 14-июнда кабарлашты.
"Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Коомубуздагы зомбулук фактылары боюнча статистика кооптуу. Балдар, аялдар жана эркектер да зомбулуктан жабыркаган учурлар катталууда. Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу болуп саналат. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт. Өлкөдө "үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам иштейт. Укуктук мамлекетте ар бир жаран өзүн мамлекет тарабынан корголгонун сезүүсү кажет. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек. Ар бир жаран жоопкерчиликтен кача албастыгын түшүнүүсү абзел, мунун өзү кылмыштардын алдын алууга шарт түзөт.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2013-жылы 2339 болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 7178ге жеткен. Ушул жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65 пайызга көп, муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырууга болот", - деди ал.
Аида Исмаилова Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганын, анда үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөрүн белгиледи.
"Аялдардын социалдык-экономикалык алсыздыгы аларды тандоо укугунан ажыратып, белгилүү бир жагдайларда калууга мажбурлайт. Мамлекеттин милдети – аялдардын экономикалык өз алдынчалыгына колдоо көрсөтүү, кыздарга билим берүү, саламаттыгын колдоо.
Ошентип биз сот адилеттиги, зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча коом менен иштөө багыттарында иштерди күчөтөбүз. Улуттук кеңеш гендердик саясат жаатында координациялоо жана өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу «жандуу» таасирдүү аянт болушу керек. Ар кандай түрдөгү зомбулукка жол бербөө гендердик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат", - дейт вице-премьер-министр.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырылды.
Мындан тышкары жыйында Сузак районунун жетекчилеринин начар координациясы белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Маалымдама: Өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөн. Анда юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер иштелип чыгып, түз байланыштар (102, 103, 111, 112, 117) иштейт.