Биз социалдык тармакта

Күйөөсү аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк асып, жазалаган окуяны өкмөт көзөмөлгө алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан адаттан тышкары жаза алган аялдын окуясы өкмөттүн көзөмөлүнө алынды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өкмөт көзөмөлгө алды. Бул окуя дүйшөмбү күнү, тагыраагы, 15-июнда аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү арыз жазып, факт Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

13-июнда аялын жазалаган киши райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sumaya
2020-06-13 23:46:32
Камашсын жок дегенде 10 жылга!
+8
Suzak12
2020-06-14 21:30:43
sumaya,Как будто уйбулосун багышып койо тургансып айтынго ал камалып кетсе балдарын ким багат?Ойлонуп суйло тууган.Окмот андан башка кыларга иштери жокбу?Бул проблеманы оздору деле чечип алат.Чек араны,качып жургон Шадиевди силер козомолго ала турган иштер ото коп ошолорду козомол кылсанар жакшы болмок.
+1
Aimani
2020-06-14 00:26:59
Камасын!!!
+7
AksyKum
2020-06-14 00:36:59
Аял ушун кечиримдуу болгону учун ушундай жаза алган куйоосунун.кечирбей кетип калам жашабай койом мен мындайга татыктуу эмесмин деп башынан кондургондо мындай кунду кормок эмес.ортодо бала бар анан эл эмне дейт ажырашсам деп журуп оз укугун коргой алышпайт
+7
KG.Kushtarbek
2020-06-14 02:31:02
Жашы 51 де болсо Азырда динден кабары жокекен Исламда аял заттын оорду жогоруу болуш керек.
+8
allia
2020-06-14 10:06:15
Бул акмактын күчү аялынан башкага жетпесе керек...
+9
voennyi88
2020-06-14 10:58:01
Кайсыл жерден корсон жудоо зайыпты,ошол элдин эркектери айыптуу.
+6
Asel69
2020-06-14 11:11:10
Озгочо айылда чонойгон эркектер аялдарды катуу кармаш керек, сабаш керек деген акылсыз тушунуктор мээлеринде сакталып калган. Колунун эч нерсе келбеген эркектер кучун аялынан чыгарышат. Бул ата-бабалардан калган келесо салт. Мындай келесо салтты мусорго ыргытыш керек.
+3
Rifle_I
2020-06-14 11:23:51
Өкмөт көзөмөлгө алганы кандай болот?
Иш аягына чейин чыгарылабы же тез арада жыйынтык болобу ?

Президент көзөмөлгө алган иштер дагы эле жыйынтык бербеди го ?
Дача Суу, ТЭЦ, тарых музей ??? Уурдалган акчалар кайтарылбады.
+2
Asel69
2020-06-14 12:35:40
Rifle_I,
Соке матраимовтун уурулук ишинен эч жыйынтык чыгара алган жокко. Соке озунун кылмыштарын карап чыгыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан