Жамал Фронтбек кызы: "Мектеп директорлору окуучу кыздардын мектепке жоолук оронуп барышына тыюу салууда"

Мектеп директорлору окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып барышына кайрадан тыюу салышууда. Муну бүгүн, 9-сентябрда "Мутакаллим" коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы маалымат жыйында айтты. Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп директорлорунун жоолук оронгон кыздарды сабакка катыштырбай жатканы боюнча фондго ондогон арыз түшүптүр. "Жыл сайын билим берүү жана илим министри бир нерсе ойлоп табат. Былтыр окуучулардын буттары көрүнүп турушу керек десе, быйыл сөзсүз бантик тагынышы керек деди. Муну менен катар мугалим эжейлердин да мектепке жоолук оронуп барышына тыюу салынууда",- дейт Фронтбек кызы. Ал мектептеги терс көрүнүштөр боюнча буларды кошумчалады: "Эмне үчүн мектеп рэкетчилиги, өспүрүмдөрдүн боюна бүтүп калышы тууралуу эч ким маселе көтөрбөйт? Ата-энелер балдарын ойлоп мугалимдердин үстүнөн арыз жазуудан коркушат". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан