Жалал-Абад. Шаарда жаңы бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында 150 балага ылайыкташтырылган жаңы бала бакча ачылды. Имараттын курулуш иши 2011-жылы башталып 30 миллион сом сарпталса, 24 миллион сому жергиликтүү бюджеттен каржыланыптыр. Бала бакча заманбап жабдуулар менен камсыздалып, 5 тайпада балдар тарбияланат. Муну бүгүн, 9-сентябрда шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назира Азимбаева билдирди. "Балдарды жаштайынан тарбиялап, билимге сугаруу зарыл. Ал үчүн аларга шарт түзүп, бала бакчаларды ачуу менен катар сапаттуу тарбиячылар билим бериш кажет",- дейт Азимбаева. Курманбек аймактык башкармалыгында 25 миңден ашык калк жашайт. Ошондой эле 4 бала бакча, 5 мектеп орун алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан