16-сентябрда Улуттук китепканада жумушсуздар,
студенттер, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү үчүн кызматтык бош орундардын жана кесиптердин
жарманкеси өткөрүлөт. Эмгек, миграция
жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы өткөрө турган иш-чарага
Бишкек шаарынын 30дан ашык мекеме-ишканалары катышмакчы. Анда шаардын
мекеме-ишканаларынын 4 миңден ашык жумушчу орундары кароого коюлат. Ал эми ишке
орноштуруу борбору Түштүк Кореяга, Арабияга, Орусияга ишке орношуу боюнча
кеңештерди берет. Бардык суроолор боюнча 64-17-60, 64-17-70 телефон номурлары
аркылуу маалымат алууга болот.