Кызыл-Кыя шаарында жаңы мектеп ачылды

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында 6-сентябрда жаңы мектеп ачылганын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (БДЖА) билдирди. Салтанатка ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутаты Акылбек Султанов жана БДЖАнын жетекчиси Сайид Баюми, ошондой эле облустук, шаардык жетекчилер катышышты. Жаңыдан ишке кирген билим уясына Уркуя Салиеванын ысымы берилди.Мектеп 210 окуучуга ылайыкталган. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Сайид Баюми Кыргызстандыктар үчүн жакынкы аралыкта дагы көптөгөн социалдык объектилерди курууга ою бар экендигин билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин Кызыл-Кыя шаарында 12 орто  мектеп, 1 түрк лицейи болгон. Бул мектеп 13-болуп курулган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан