Ухан университетинин медицина бөлүмүнүн Вирусология институтунун профессору Ян Чжаньцюнун айтымында, Пекиндеги "Синфади" дүң базарынан чыккан вирус Ухандагы деңиз азыктарын саткан "Хуанань" базарынан чыккан вируска салыштырмалуу кооптуу. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылган.
Профессор вирустун эволюция процессинде эффектиси күчөшү дагы, басаңдашы дагы мүмкүн экендигин билдирген. Ал "Синфади" дүң базарынан чыккан вирус Ухандагы деңиз азыктары сатылган базардан чыккан Covid-19га салыштырмалуу жугуштуу деп эсептейт.
Мындан тышкары ал декабрда Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка кайрылып, былтыркы жылы декабрдын аягынан ушул жылдын 17-январына чейин вирус менен жалпы 62 адам катталса, ал эми Пекиндеги вирус менен катталгандардын саны аздыр-көптүр ага жакын экендигин билдирген. Учурда илдетти аныктай турган техникалык мүмкүнчүлүктөр жогору болгонуна карабастан, күтүлбөгөн жыйынтыктар чыгууда.
Ухандагы эпидемия тарап жатканда кыш мезгили болчу, ал эми Пекиндеги вирус аптаптуу жай мезгилине туура келүүдө. Ошондой эле Ухандагы деңиз азыктарын саткан базардан чыккан коронавирустан жабыркаган бейтаптардын көпчүлүгү илдетти кайдан жуктуруп алганын билбегендер болсо, Пекиндеги бейтаптардын көбү "Синфади" дүң базарына барышкан.Пекиндеги абалдын Ухандагыдан дагы бир айырмасы учурда Кытай ооруну кантип дарылоо керектигин өздөштүргөндүгүндө жана тажрыйбага ээ болгондугунда. Ошондой эле эпидемия менен күрөшүүдө керектүү чектөөлөрдү кабыл алуу менен ооздуктай алгандыгында. Муну менен бирге коронавирустун жаңы түрү вируска каршы вакцинаны ойлоп табуу изилдөөлөрүн кыйындаткан. Вирусолог кошумчалагандай, эгерде вирустун айыл чарба продукциясы менен импорттолгону далилденсе, анда Кытай адамдардын өлкөгө киришин көзөмөлдөөгө гана эмес, импорттолуучу продукциялардын бажы карантинине дагы көңүл бурушу керек.
Чындыгында эле коронавирус лосось балыгынан жугушу мүмкүнбү?
Пекинде дагы 10 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бийлик өкүлдөрү ырасташкандай, вирус лосось балыгы дүкөнүнөн чыккан. Мындан улам балык вирустун алып жүрүүчүсү болобу деген суроолор жаралганын айтышууда. Ишемби күнү "Синфади" ири дүң соода базары импорттолуучу лосось балыгын кесүүчү тактада коронавирус табылган. Ал эми балык өз кезегинде деңиз азыктары сатылган базардан алып келинген. Кытай лосось балыгын Норвегия, Чили, Австралия, Канада жана Фарер аралдары сыяктуу бир канча өлкөлөргө экспорттойт.
Лосось балыгын өндүргөн норвегиялык компаниялар дагы оорунун таркашынан кооптоно баштады. Себеби ири супермаркеттердин текчелеринен балыктар алынды. Дүйшөмбү күнгө карата мамлекеттик гезиттер норвегиялык компаниялардын акцияларынын төмөндөп кеткендигин маалымдашты. Вирус лосось балыгы аркылуу адамдарга жугушу мүмкүнбү? Вирустун жаныбардан адамга өтүшү айрым изилдөөлөрдө иликтенген, андыктан Ухандагы оорунун биринчи толкунунда вирус адамга жаныбардан жукту деген божомол бар. Учурда вирусту алып жүрүүчү катары панголин кабырчыгы жаныбары эсептелүүдө.
Лабораториялык шарттарда COVID-19 вирусуна чалдыккан башка жаныбарлар да кездешет: мышык, төө, ат, кой, коён. Көпчүлүк жаныбарлардын ичинен вируска туруштук бергендери да аз эмес: тоок, өрдөк, деңиз чочкосу, чычкан жана келемиш. Коронавирус ACE2 аталышындагы ферментке жабышуу жолу менен организмге кирет. Андыктан аларда вирустун бар же жок экендиги ACE2 ферментинин түзүлүшүнөн көз каранды.
Тактап айтканда, вирус кирүү жолун ACE2 аркылуу ишке ашыра алабы деген ойду басылма билдирет. Ошондуктан окумуштуулар түрдүү жаныбарлардын ACE'нин үч өлчөмдүү моделин түзүштү. Эң эле коркунучтуулары - сүт эмүүчүлөр, ал эми балыктарда жана канаттууларда бул коркунуч минумумга барабар экендиги аныкталды. Андыктан вирус лосось балыгы аркылуу жугушу мүмкүн экендиги таң калычтуу жагдайды жаратары билдирүүдө белгиленген.
COVID-19 вирусу нерсенин бетине түшкөн учурда бир нече күн сакталары маалым. Андыктан балыктан вирустун чыгышы - кесүүчү тактайдын бетине түшкөн вирустан, тактайдын кандай материалдан жана аны кантип тазалагандыгынан көз каранды экендиги айтылууда. Азыркы учурда лосось балыгын кесүү үчүн тактадан вирус чыкканы – бул сатуучунун өздүк гигиенаны сактабастан, илдетти жугузуп алуу ыктымалдуулугу да бар.
Пекин бийлиги вирус чыккан соң дароо эле 11 кварталды, бала бакчаларды жана базардын айланасындагы мектептерди изоляцияга алган. Бардык иш-чара, спорт комплекстери кайрадан жабылган.
Пекин өкмөтү билдиргендей, жекшемби күнү шаарда коронавируска каршы 76 миң 499 адам тестирлөөдөн өткөн. Алардын ичинен 59унан илдет аныкталган. Ооруканада 79 адам жатат. Алардын арасында экөө оор абалда.
"Синфади" дүң соода базары Кытайдагы эң ири базарлардын бири. Базар жүз гектардан ашык аянтты ээлейт жана 10 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул базардан Пекинден тышкары өлкөнүн түндүк аймактарына азык-түлүктөр жеткирилет.