Өкмөттүн кезектеги жыйынында Кытайдан чыккан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан Кытай Эл Республикасында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чукул чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулуп, бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылды. Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда", - деп жазылат маалыматта.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.