Ысык-Көл. Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери тууралуу жаңы мыйзам долбоору талкууланат

Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери тууралуу мыйзамдын жаңы редакциялык долбоору талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, иш-чарага жергиликтүү бийликтин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жаш активисттер катышат. Бул жаңы мыйзам долбоору мамлекеттик жаштар саясатынын нормативдик-укуктук базасын чыңдоого багытталган. Иш-чарага Жаштар министрлигинин жаштар саясатын ишке ашырууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Кушчубек Шабралиев жана облустун бардык район, шаарларынан өкүлдөр келип катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан