Америкалык атактуу “Billboard” музыкалык журналынын тандоосу боюнча “BTS” тобунун ушул жылдын февраль айында чыккан «Map of the Soul: 7» альбому 2020-жылдын эң мыкты альбомдорунун ТОП-50лүгүнө кирди. Журнал альбомдун мыктылардын катарына кошулушу боюнча: “BTS” өзүнүн канчалык мүмкүнчүлүгү кенен экенин ар бир чыгармасы, аны элге тартуулоо техникасы, музыкадагы жаңычылдыктары менен далилдеп келе жатат. Топ эле эмес, анын музыкасы да көлөм жагынан да, амбиция жагынан да өсүп жатат”,- деп жазган. Дүйнөнүн мен-мен деген музыканттарын иргеген журналдын сүймөнчүгүнө айланган “BTS” 13-июнда 7 жашка чыгып, туулган күнүн белгиледи. Дал ушул популярдуу топтун лидери, рэпер RM бүгүн гезитибиздин K-POP рубрикасынын коногу.
RM тууралуу кызыктуу макаланы “Супер-Инфонун” жаңы №915 санынан окуй аласыз.